Өзбекстанда «Мугалимдин макамы тууралуу» мыйзам күчүнө кирди

Өзбекстанда «Мугалимдин макамы тууралуу» мыйзам күчүнө кирди

Өзбекстанда «Мугалимдин макамы тууралуу» мыйзам күчүнө кирди. Башкы документ педагог укугун коргоп, кадыр-баркын көтөрөт. Өз кезегинде мугалимдерден да суроо-талап жогору болот. Жаңы мыйзамда педагог укугу менен бирге коомдук маселеси да кошо камтылган. Башкача айтканда, шаардан айылга келген жаш адис биринчи кезекте турак-жай менен камсыздалат, айлык акысы көтөрүлүп, жеңилдетилген насыялар берилет. Ал эми пенсияга чыккан мугалимдердин айлыгы менен бирге пенсиясы толук төлөнөт.  Карамат Сидикова 32 жылдан бери мектепте сабак берип келет.

КАРОМАТ СИДИКОВА, ПЕНИОНЕР МУГАЛИМ:

- Айлык акыбыз көбөйдү, мындан сырткары пенсиябыз да толук берилет. Башка да көптөгөн ашыкча жумуштар кыскартылды.

Оң өзгөрүштөрдүн аркасында мугалимдик кесипти тандаган жаштардын саны да өсөт деген ишеним жогору. Нодир Абдувохидов былтыр гана жогорку окуу жайын аяктап, мектепке мугалим болуп орношкон. Англис тилинин мугалими өз адистигине суроо-талап көп экенин айтат.

НОДИР АБДУВОХИДОВ, ЖАШ АДИС:

- Алдыдагы убакытта башка тармактарда да өзүмдү сынап көрсөм деген максатым бар. Ошентсе да, биринчи кезекте көпчүлүк менен иштөөнү туура көрдүм.

Жалпы Өзбекстанда президенттин жарлыгы менен билим тармагын жакшыртууга арналган комплекстүү долбоор түзүлдү. Мисалы, «Заманбап мектеп» мамлекеттик программасынын алкагында 2025-жылга чейин 126 билим уясы салынат. 704 билим очогун кайра жаңыртуу көздөлгөн.

ГҮЛАЙЫМ ТОРБАЕВА, МЕКТЕП МҮДҮРҮНҮН ОКУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ:

- Бул бир кабат болуп салынган имарат. 2019-жылы муну эки кабат кылып же жаңы имарат салуу мерчемделип жатат. Биз бардык ата-энелер менен бирге чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Окуучуларыбыздын саны 300дөн ашуун.

Жаңы мыйзамдын өз күчүнө кириши менен бирге мугалимдер кагаз иштеринен да арылышты. Алар эми өздөрүнө тиешелүү 3 документти гана толтурушат. Билим тармагында ушундай жолго салынган бир нече иш-чаралар өз жемишин берип жатат.