Чет өлкөлүк туристтер кышкы эс алуу үчүн Кыргызстанды тандашат

Чет өлкөлүк туристтер кышкы эс алуу үчүн Кыргызстанды тандашат

Кыргызстандагы кышкы туризм чет өлкөлүк туристтер үчүн тартымдуу болууда. Республикада чет өлкөлүк саякатчылардын катары калыңдап жатат. Алар аталган борбор азиялык өлкөгө кар баскан тоо кыркаларынан лыжа тебүү үчүн келишет. Белгилей кетсек, өлкө ар түрдүү рельефи менен өзгөчөлөнөт. Демек бул жерде ар бир эс алуучу өзүнө ылайык аймакты тандай алат.

Көптөгөн тоо лыжа базалары ар түрдүү трассаларды жана жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап жатышат. Келген коноктор өздөрүн ыңгайлуу сезүүсү үчүн котормочунун кызматы да каралган.

АКБАР РУЗИЕВ, ТОО ЛЫЖА БАЗАСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз эс алуучулар болушунча ырахаттанып, эс алып кетиши үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатабыз. Бизде эс алуучулар үчүн бардык кызматтар бар. Биринчиден бизде кар мол жана ар түрдүү трассалар бар. Азыркы тапта туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштеп келет. Мамлекет ар дайым колдоо көрсөтөт.

Кыргызстандын меймандостугу жана аймактын көз жоосун алган кооздугу Швейцариядан келген туристтерди да багындыра алды.

ДЖОН, ШВЕЙЦАРИЯДАН КЕЛГЕН ТУРИСТ:

- Мен Кыргызстан тууралуу көп уккам. Бирок мага бул өлкө лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөр үчүн эң мыкты аймак экенин айтышкан эмес. Келер замат абанын тазалыгына ынандым. Трассалар да абдан мыкты. Кыргызстанга келгеним үчүн кыпындай да өкүнгөн жокмун.

Кыргызстанда кышкы туризм түрүнүн келечеги абдан жогору. Аны өнүктүрүү үчүн өлкөдө көптөгөн иш-аракеттер жүзөгө ашырылып, адистештирилген программалар иштелип чыгууда.

МАКСАТ ДАМИР, ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Өзүңүздөр билгендей эле, Кыргызстандагы туризм бир нече курамдык бөлүктөн турат. Өлкөдөгү кышкы туризм лыжа жана сноуборд тебүү менен чектелбейт. Фрирайдинг деп аталган түрү да бар. Бул тоодон эркин түшүү. Хельскин – тик учактан секирүү же бийиктиктен түшүү. Бир нече экстремалдык спорттун түрлөрү бар. Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын. Бирок ал максаттарга жетүү үчүн так кадамдар керек. Өлкөдөгү кышкы туризмди өнүктүрүү багытында иштеп жаткан ишкерлер үчүн бардык шарттарды түзүп, алар тоо лыжа базаларын өнүктүрүп, көп санда чет өлкөлүк туристтерди тартууга мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керек.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Кыргызстанга 5 миллиондон ашуун турист келип кеткен.