Борбор Азия менен байланыштарды колдоо боюнча Жаштар Ассоциациясы

Борбор Азия менен байланыштарды колдоо боюнча Жаштар Ассоциациясы

Сеулда Борбор Азия менен карым-катнашты колдоо боюнча  Ассоциация түзүлдү. Ал Казаксатн, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана  Тажикстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшмөкчү. Сеул универститетинин магистранты  Жанар Егисбекова биздин мамлекеттин атынан аталган уюмга мүчөлүк кылат.

ЖАНАР ЕГИСБЕКОВА, УЮМДАГЫ  КАЗАКСТАНДЫН ӨКҮЛҮ:

– Мен бул жакка 4 ай мурда жаңы келгенимде метродо кантип карта менен колдонуу керектигин, кайсы уюлдук тармак ыңгайлуу экенин жада калса окуу жайыма кантип жетүүнү дагы билчү эмесмин. Ошондо бул жактагы биздикине окшош тилде сүйлөгөн боордошторго тезирээк көнүп кетүүгө жардам бере турган уюм болсо деген ой келди.

Ассоциация Борбор Азиядан келген студенттерге эле  жардам бербестен, түштүк кореялыктарды аймактын маданияты менен дагы тааныштырат. Уюмдун мүчөлөрү Аралды колдоо боюнча фонд дагы түзүшкөн. Жаңы жылда ушул жана башка багыттарда иш алып барууну көздөшүүдө.

МАНСУР БАБАДЖАНОВ, ПРЕДСТАВИТЕЛЬ УЗБЕКИСТАНА В CASA:

-  2019 -жылы биз бирикмеге дагы көбүрөөк мүчөлөрдү тартууну көздөп жатабыз. Борбор Азия мамлекеттеринин  келип Кореяда жашап жаткандарга атайын мастер класстарды уюштуруп келебиз.  Анткени бул жакта ар бири бир топ кыйынчылыктарга туш болушат.  Негизи эле адам жаңы жерге көнүп кетиши үчүн убакыт керек. Бирок билим берүү жана окутуу программаларынын жардамы менен Кореяда жашоо жеңилирээк болот.

Жакында эле Ассоциация мүчөлөрү жолугушууга чогулушкан. Конокко келген Сеулдун тургундары менен башка мамлекеттердин өкүлдөрүн борбор азия өлкөлөрүнүн улуттук даамдары менен сыйлашып, концерт уюштурушкан. Коноктор  дүйнөлүк  хит чыгармаларды   домбрада биринчи жолу угушту.