2018 жыл жыйынтыгы: Борбордук Азия

2018 жыл жыйынтыгы: Борбордук Азия

2018-жылы Борбордук Азия интеграцияга артыкчылык берди. Алгачкы 9 жылда региондун мамлекет башчылары Астанада жолугушууга чогулду. Анда коопсуздук, региондук соода жүгүртүү көлөмүн жана суу ресурстарын пайдаланууну кеңейтүү негизги темалар катары талкууланды. Жолугушуу алкагында борбор азиялык маданият фестивалы, жаштар форуму, студенттерди алмашуу, спорттук жыйындар, ошондой эле, ички аймактык туризмди өнүктүрүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, ИМЭП СЕРЕПЧИСИ:

- 2018-жыл Казакстан үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылуусу менен эсте калды, анда биз Казакстанга гана эмес, бүткүл регионго маанилүү демилгелерди сунуштадык. Жыл соңунда Тажикстанда Рогун ГЭСинин биринчи бөлүгү ишке киргизилет. Эгерде анын курулушу улантылса, бул регион үчүн жакшы жаңылык болот.

Жалпысынан ушул жыл Борбордук Азия үчүн туруктуу болду. Өзгөчө серепчилер коопсуздук жана ички региондук интеграция маселелеринде илгерилөө болгонун белгилешет. 5 мамлекеттин мамилеси бир кыйла чыңдалды, ал эми Казакстан-Өзбекстан алакасы жаңы негиздүү деңгээлге чыкты. Эске салсак, Казакстанда 2018-жыл Өзбекстан жылы деп жарыяланган.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

– Ушул жылдын алкагында бир гана соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө эмес, маданий-гуманитардык багыттагы 200 чакан иш-чарадан турган бир нече иш-чараны жүзөгө ашыруу каралган.  Сиздер өзбек киносунун күндөрү өткөрүлгөнүн билесиздер. Биздин алака жаңы стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыкты жана биздин эки мамлекеттин тарыхында жаңы барак ачылды. 

Талдоочулар региондун интеграциялык иш-аракеттери 2019-жылы дагы уланат деп болжолдоп жатышат. Борбордук Азия мамлекеттери алакаларды чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү пландарды аткаруунун үстүндө иштери күтүлөт.