Казакстандагы Өзбекстан жылы: Жыйынтыктар

Казакстандагы Өзбекстан жылы: Жыйынтыктар

Казакстандагы Өзбекстан жылы жыйынтыкталып жатат. Бул тараптар үчүн жемиштүү жана маанилүү жылдардан болду. Эки жактуу товар жүгүртүү жогорулап, эки өлкөнүн саясий жана ишкердик байланыштары бекемделди, ал эми маданий-гуманитардык кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Өзбекстан жылына арналып Казакстанда 200дөн ашуун иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаралар кызматташтык байланыштардын бардык тармактарын камтып, өлкөлөрдүн бири-бирин жакындан билүүгө мүмкүнчүлүк берди.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН  КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ТОЛУК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Чымкентте, Түркестанда, Кызылордодо өзбек киносунун күндөрү өттү. Маданий иш-чаранын алкагында казак элинин улуу акыны, ойчул, философ Абай Кунанбаевдин өмүрү менен чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Ал эми Ташкентте акындын туулган күнүнүн алдында баш оона айында музей ачылды.

Жарманкелер, мода көргөзмөлөр, концерттер. Өзбек маданияты казакстандыктарды көңүл кош калтырган жок. Казакстандагы Өзбекстан жылын жыйынтыктоочу иш-чара катары Өзбекстандын көркөм өнөр чеберлеринин концерти болду.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН  КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ТОЛУК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Биз Казакстандын жашоочуларын биздин маданият менен жакындан тааныштыргыбыз келет. Алар тааныш, бирок бир кездерде ар бир өлкө өз-өзүнчө өнүккөн учурлар болгон. Бир жарым жылдын ичинде биздин кызматташтык жаңы деңгээлге кадам шилтеп, эки өлкө тарыхынын жаңы барактары ачылды.

Белгилей кетсек, 2018-жыл Өзбекстан жана Казакстандын бизнес-мамилелери үчүн да ийгиликтүү болду. Ушул жылдын бугу айында Чымкентте өткөн ишкердик кеңеште тараптар жалпы суммасы миллиард доллардан ашкан 60 келишимге кол коюшкан.