Борбор Азия боюнча сунуштар жарыяланды

Борбор Азия боюнча сунуштар жарыяланды

Эл аралык мамилелер боюнча Евразиялык кеңеш Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясына арналган өз сунуштарын жарыя кылды. Документке Евробиримдиктин Борбор Азия менен 2020-2027-жылдар аралыгында байланышты бекемдөөгө багытталган идеялары кирген. Жаңы стратегияда Евробиримдиктин аймак боюнча планы түзүлдү. Карым-катнаштын эффективдүү жактары жана атаандаштык тараптарды так баалоого маани берилген.

ПИТЕР БУРИАН, БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА ЕВРОБИРИМДИКТИН АТАЙЫН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан биздин негизги соода өнөктөшүбүз жана Евробиримдик силердин өлкөңөрдөгү эң алгачкы инвестор. Биздин карым-катнашыбыз кандай деңгээлде экендиги баарына белгилүү деп ойлойм. Биз бул байланышты мындан ары бекемдөөгө кызыктарбыз.

Сунуштарды тааныштырууда Консультативдик кеңеш мүчөлөрү: абройлуу саясатчылар, Европа мамлекеттеринин мурунку президенттери жана министрлери, британиялык ЖМК жана казакстандык дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

РОМАН ВАСИЛЕНКО, КР ТЫШКЫ ИШТЕР ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Казакстан Евробиримдик менен стратегиялык карым-катнашты улантууга кызыктар. Бул карым-катнаш кеңейтилген өнөктөштүк байланышынын негизинде түзүлөт жана жакында толугу менен күчүнө кирет деп ишенебиз.

Эл аралык мамилелер боюнча Евразиялык кеңеш – Борбор Азияга адистештирилген көз карандысыз пикирдештер  аянты. Кеңеш мүчөлөрүнүн айтымында, келечекте анын жумушу аймактын белгилүүлүгүн өстүрүп, Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды бекемдөөгө багыттала берет.