Кыргызстан Кытайга ташый турган өнүмдөрүн көбөйтүүнү көздөп жатат

Кыргызстан Кытайга ташый турган өнүмдөрүн көбөйтүүнү көздөп жатат

Кыргызстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда. Республика Кытайга ташый турган өнүмдөрүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч жалпы сыртка чыгарыла турган товар көлөмүнүн 5 пайызын түзүүдө. Экспортко 100 ашуун товар түрү жөнөтүлөт. Кытайга негизинен тоо-кен өнүмдөрү, мунай, буудай, дары чөптөр, иштетилбеген тери, булгаары, жүн жана ийрилген жип экспорттолот.

ВЕНЕРА МАМБЕТАЛИЕВА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК СТАТИСТИКА КОМИТЕТИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- 2017-жылы биздин өлкөдөн Кытайга ташылган экспорт көлөмү 97 миллион 500 миң долларды түздү. 2016-жыл менен салыштырганда көрсөткүч 21,7 пайызга өскөн. Кыргызстан экспорттой турган бардык өлкөнүн ичинде Кытай 7-орунда.

Кыргыз бизнесмендеринин жакынкы арадагы көздөгөнү экспорт көлөмүн көбөйтүү. Өлкө ишкерлери кытайлык талап кылуучуларга экологиялык табигый өнүмдөрдү сунуштоого даяр. Экспорттоло турган өнүмдөрдүн катарында балдын бир нече түрү бар. Республикадагы аары чарбачылыктарынын бири эле өндүрүшүнүн тең жарымын Кытайга жөнөтөт.

АЗНОР АТАБИЕВ, КОМПАНИЯНЫН ӨНДҮРҮШТҮК МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта биз жылына Кытай рыногуна 500 тонна бал өндүрүшүн жеткиребиз. Кытай абдан чоң рынок. Суроо-талаптарын толук канааттандырууга даярбыз. Бүгүнкү күндө жаңы өнөктөштөрдү издеп жатабыз. Буйрутма берүүчүлөр акырындап табылып, экспорт көлөмү өсүп келе жатат.

Жакынкы арада Кытай рыногунда Кыргызстанда жасалган кондитердик өнүмдөр пайда болот. Республиканын табигый сапаттуу өнүмдөрдөн даярдалган таттуу токоч чыгарган ишканалардын бири өз товарлары менен Кытайга чыгууну көздөп жатат. Бүгүнкү күндө алардын кара буудай жана ак ундан даярдалган нан өндүрүштөрү Кытай талап кылуучуларына тааныш. Суроо-талап жогору өнүмдү даярдоо технологиясы кытайлык адистердин катышуусу менен уланат. Компания КЭРге жылына 40 тонна ун өндүрүшүн жөнөтөт.

АБДУРАХМАН СУХАДЖИЕВ, КОНДИТЕРДИК КОМПАНИЯНЫН МЕНЕДЖЕРИ:

- Көптөгөн кытайлык сатып алуучуларга биздин нан жагат. Табигый таза өнүмдөн даярдалганы байкалып турат дешет. Кыргызстандын Арсланбаб аймагынан жыйналган жаңгакты биринчи жолу ооз тийгендер дароо жаңгак менен мейиздин даамы бар экенин айтышат.

Кыргызстан экспорт көлөмү менен бирге Кытайга жөнөтүлө турган товар түрлөрүн көбөйтүүнү көздөөдө. Ири кара мал, кой жана тоок этин ташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.