Арал деңизин сактоо

Арал деңизин сактоо

Арал деңизине арачага түшө турган эл аралык фонддун кызматын жакшыртуу керек. Түркмөнстандын башкы шаарында Аралды куткаруу фондуна уюмдаштыруучу мамлекеттердин саммитине катышкан Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан менен Кыргызстан өлкөлөрүнүн президенттери ушундай билдирүү жасашты. Борбор Азия аймагындагы Сырдарыя жана Амударыя дарыялардын экөө тең Арал деңизине куят. Кош дарыяны жээктеп жайгашкан калктын негизги кирешеси сугат жерлерден алына турган өндүрүштөр менен тыгыз байланышта. Арал деңизиндеги суунун соолушу экологиялык кырдаалды татаалдаштырып жатат. 1993-жылдан бери Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан бул кыйынчылыктан чыгуунун жолун биргеликте издеп, эл аралык Аралды куткаруу фондун түзүшкөн. Беш мамлекет ушул фонд алкагында иш-чараларды  күчөтүүнү убадалашкан.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Аралды куткаруу боюнча эл аралык фонддун азыркы институттарынын негизинде анын  түзүлүшү менен келишим-укуктук базасын жакшыртуу керек. Бул анын жумуш сапатын жакшыртып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, уюмду бүгүнкү күндүн коркунучтарына ыңгайлашуусуна мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, Арал деңизи бассейниндеги суу ресурстарын башкаруу, бөлүү, эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасын автоматташтыра турган кез келди. Бул өлкөлөрдүн сууну пайдаланууну ачык кылып, ич ара ишенимди бекемдейт. Арал деңизи бассейниндеги өлкөлөргө жардам көрсөтүү программаларынын алкагында аймактык долбоорлорго басым берүү зарыл. Бул кабыл алына турган чаралардын эффективдүүлүгүн арттырып, кызматташтыкты натыйжалуу кылат.

Казакстан фонд түзүлгөндөн бери кезек-кезеги менен тиешелүү иштерди аткарып келет. Анын бири - САРАТС-1 долбоору. Азыр Кичи Аралдан жылына 8 миң тонна балык кармалат. Жалпы, экологиялык акыбалды жакшыртууга байланыштуу 140тан ашуун долбоор ишке ашырылат. Ошондуктан саммитте дүйнөлүк коомчулуктун назарын Арал деңизине буруп, чаташкан маселени чечүүнүн жолдорун бирге издөө керектиги айтылды.

ШАВКАТ МИРЗИЁЕВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул жагдай менен негиздүү күрөшүү үчүн донор табышыбыз керек. Бүгүн саммитке чогулган бештиктин карманган багыты менен көз карашы бирдей. Арал деңизинин акыбалын турукташтыруу үчүн эл аралык каржы институттарын тартышыбыз керек.

СОРООНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин жалпы максатыбыз – Аралды сактоо. Кыргызстан тарап суу ресурстары менен энергетикалык маселелерди талкуулоого ар дайым ачык.

Эл аралык Аралды куткаруу фондун уюмдаштыруучу мамлекеттер өз ойлорун ортого салышты. Мисалы, саммитти өткөргөн түркмөн тарап БУУнун комкордугу менен атайын программа даярдоону сунуштады. Ал эми Казакстан башчысы эл аралык Аралды куткаруу фондунун аткаруу комитетин 5 мамлекеттин биринде туруктуу жайгаштыруу керектигин айтты. Саммитте ортого салынган сунуштар боюнча өкмөт аралык план түзүлүп, иш жүзүндө ишке ашырылат.