Бюджетте жарандардын социалдык маселелерин чечүүгө басым жасалат

Бюджетте жарандардын социалдык маселелерин чечүүгө басым жасалат

Алдыдагы үч жылдык бюджеттин жарымынан көбү социалдык тармакка жумшалат. Сенатта «2021-2023-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Депутаттардын өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштарына байланыштуу документ мажилиске кайтарылды. Жалпысынан үч жылдык мезгил үчүн 20 миллиард теңгелик сунуштар колдоого алынды. Чыгымдарды кайрадан бөлүштүрүүнүн негизинде кошумча каржылоо төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат. Газдаштырууга 2,7 миллиард теңге,  турак жай курууга жана кайра жабдууга 6 миллиард теңге, инфраструктурага жана башка долбоорлорго  6,7 миллиард теңге багытталат. Ошондой эле казынада социалдык жөлөкпулдарды индексациялоо, мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акыларын көбөйтүү жана калкка медициналык кызмат көрсөтүү жагы да болушунча эске алынган.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрөгасы:

- Бардык социалдык тапшырмаларды аткаруу үчүн бюджеттен керектүү каражат каралган. Өлкө үчүн өтө маанилүү болгон инфраструктураны өнүктүрүү, борбордук жана түндүк аймактарды газдаштыруу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери көңүл сыртында калган жок. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, бир топ каражат чакан жана орто бизнести колдоого жана аз камсыз болгон жарандарга арналган турак жай курууга бөлүнөт.

 

Фото: zakon.kz


×