Казакстанда товарларды маркировкалоо тутуму жакшыртылат

Казакстанда товарларды маркировкалоо тутуму жакшыртылат

Казакстанда товарларды маркировкалоо тутуму жакшыртылат. Мунун аркасында экспорттоло турган өнүмдөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артат. Маркировкасыз товарларды чет элге чыгаруу  мүмкүндүгү болбойт. Мисалы, Евразиялык экономикалык биримдигинин интеграциялык жараяндарынын алкагында 6 багыт боюнча маркировкалоо тартибин киргизүү көздөлгөн. Бүгүнкү күндө тери буюмдары менен тамеки өнүмдөрү милдеттүү  түрдө маркировкаланат. Ошондой эле дары-дармектер, спирт ичимдиктери, бут кийимдер менен сүт азыктарын санариптик идентификациялоо боюнча пилоттук долбоорлор башталды. Аталган товарлардын топторун маркировкалоону киргизүү аркылуу мыйзамдуу жүгүртүүнүн көлөмү 337 миллиард теңгеге, ал эми бюджеттин кирешесин 58 миллиард теңгеге көбөйөт деп күтүлүүдө. Мерчемге ылайык, 2025-жылга чейин кумулятивдик таасир 2,6 триллион теңгени түзөт. Ал эми өнүмдүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн «Naqty Sauda» жана «Naqty Onim»  акысыз мобилдик тиркемелери ишке киргизилет.

 

Фото: tsargrad.tv


×