Өмирзак Шөкеев коронавирустун экинчи толкунуна даярдык тууралуу айтып берди

Акыркы 10 айда Түркестан облусуна 480 миллиард тенгеден ашуун инвестиция тартылды. Бул тууралуу аймактын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнө арналган брифингде Өмирзак Шөкеев билдирди. Облус башчысы Казакстандын Президентинин “Казакстан жаңы кырдаалда: аракеттенүү мезгили” аттуу кайрылуусун ишке ашырууда аткарылган иштер жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, ал жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана ишкердик атаандаштыкты активдештирүү үчүн бардык чаралар колго алынгандыгын билдирди.

ӨМИРЗАК ШӨКЕЕВ, ТҮРКЕСТАН ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Биз инвестицияларды тартууга олуттуу маани беребиз. Анткени инвестиция биздин келечектеги өнүгүүбүз. Буга байланыштуу өткөн жылга салыштырмалуу 10 айда аймакка 480,9 миллиард теңге инвестиция тартылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 70 пайызга көп.

Ошондой эле Өмирзак Шөкеев аймактагы коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдыктарга да токтолду. Анын айтымында, медициналык уюмдарды дары-дармек жана коргоочу шаймандар менен камсыз кылуу үчүн 2,1 миллиард теңге бөлүнгөн. ПЧР лабораторияларынын саны дагы 3төн 9га чейин көбөйгөн. Мындан тышкары, райондорду мобилдик медициналык комплекс менен камсыз кылуу 100% түздү.

 

Фото: inform.kz


×