Атырау облусундагы инвестициялык долбоорлордун мультипликативдүү таасири

Атырау облусундагы инвестициялык долбоорлордун мультипликативдүү таасири

Атырау облусунда мунай-газ тармагында бир катар ири масштабдагы долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын эң чоңу – жалпы наркы 46 миллиард долларды түзгөн Тенгиз кениндеги Келечек кеңейүү долбоору. Бул тууралуу Атырау облусунун акими Махамбет Досмухамбетов билдирди. Аймак башчысынын айтымында, бул долбоорлордун мультипликативдик таасири чоң. Алар чектеш тармактар менен кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө түрткү берет. Бүгүнкү күндө бул долбоорлорго 300гө жакын казакстандык компания жана 27 миң казакстандык тартылган. Мындан тышкары, Атырау облусунда дагы 8 инвестициялык долбоор жүзөгө ашырылууда.

МАХАМБЕТ ДОСМУХАМБЕТОВ, АТЫРАУ ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Жакынкы чет элдеги эң ири полимер өндүрүшү болуп эсептелген полипропилен долбоорун белгилегим келет. Долбоорго 2,6 миллиард доллар инвестиция тартылды. Өндүрүштү 2021-жылдын аягында баштоо мерчемделип жатат. Ал эми Кашаганда газды кайра иштетүүчү завод куруу долбоору иштелип чыгууда. Андагы инвестициянын көлөмү 370 миллиард теңгени түзөт.

 

Фото: m.angi.ru


×