Казакстандын элеттик аялдарынын ІІІ форуму өттү

Өз ишин өнүктүрүп жүргөн элеттик аялдар борбор шаарда чогулушту. Казакстандын элеттик аялдарынын III форуму быйыл онлайн жана оффлайн форматында уюштурулду. Салтка айланган жолугушууда айымдардын айыл жергесиндеги жашоо сапатын жогорулатуу багытында мыкты демилгелери жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү жетишкендиктери талкууланды. Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет, дешет ишкер айымдар.

АНАР БОЗАЕВА, ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУСУ, ИШКЕР:

- Өзүм дыйканчылык менен алектенем. Чарбам бар. Мындай жолугушуулар биринчиден, аялдарга тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берген мыкты бизнес аянтча болуп саналат. Мисалы, мен өз тажрыйбам менен бөлүшүп жатып, башка аялдарга айыл чарба тармагында бизнес ачуудан коркпош керек экендигин түшүндүрө алам. Анткени  бул абдан кызыктуу тармак. Эң башкысы өз ишиңди сүйүү керек, ошондо жыйынтыгы да жакшы болот.

 

Фото: inbusiness.kz


×