Көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери жер салыгынан бошотулат

Көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери жер салыгынан бошотулат

Көп кабаттуу турак-жай ээлери үчүн жер салыгын алып салуу туура жана адилеттүү чечим. Бул тууралуу Сенат жыйынында Каржы вице-министри Канат Баедилов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада  3,3 миллион батир 1,5 миллион адамдын үлүшүндө. Андан түшкөн  киреше орточо эсеп менен алганда  60 теңгени түзөт, бул анчалык деле көп каражат эмес. Ал эми аны документтештирүүгө кете турган чыгым эки эсе көп.

КАНАТ БАЕДИЛОВ, КАЗАКСТАНДЫН КАРЖЫ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Мисал келтире турган болсок, жаран жер салыгын өз убагында төлөбөгөн учурда биз аларга почта аркылуу билдирүү жиберебиз. Бир билдирүүнүн баасы 510 теңгени түзөт. Ал эми кирешенин баасы 60 теңге, жибериле турган билдирүүнүн баасы 510 теңге. Ошондуктан бул салыктын алынып салынышы туура жана адилеттүү кадам деп эсептейм.

Жыйындын жүрүшүндө Сенат депутаттары тарабынан министрликке жер үй ээлерин да салыктан бошотуу сунушу айтылды.

КАНАТ БАЕДИЛОВ, КАЗАКСТАНДЫН КАРЖЫ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Жер үйгө салына турган жер салыгы менен батирдин салыгын салыштырууга болбойт.  Жер үйдөн түшө турган жер салыгынын көлөмү бир топ жогору. Экинчиден, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча биздин тармак орундарынын жер үйдөн түшкөн жер салыгынын баасы 2 миллиард 700 миллион теңгени түзөт.

Ошондой эле салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн унаа салыгын төлөө мөөнөтүн ушул жылдын бештин айынын 31нен кийинки жылдын чын куран айынын бирине жылдыруу сунушталды. Документти талкуулоодон кийин сенаторлор «Салыктар жана бюджетке төлөнүүчү башка да милдеттүү төлөмдөр тууралуу» мыйзам долбоорун мажилиске кайтарды.

 

Фото: zakon.kz


×