Казакстанда Рынокту көзөмөлдөө институту киргизилет

Казакстанда Рынокту көзөмөлдөө институту киргизилет

Казакстанда рынокту көзөмөлдөө институту киргизилет. Бул кооптуу өнүмдөрдүн алдын алууга өбөлгө түзөт. Мажилис депутаттары соода жана интеграция министри Бахыт Султанов сунуштаган «Техникалык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мекеме башчысынын айтымында, бул жалпы кеңейтилген көзөмөлдү билдирбейт. Маалыматтык базада бардыгы онлайн режиминде көзөмөлдөнөт. Ал эми текшерүүлөрдүн өзү схема боюнча гана жүргүзүлөт, башкача айтканда идентификация - тестирлөө - рыноктон чыгуу негизинде жүзөгө ашырылат, дейт Бахыт Султанов.

Аны менен катар, шайкештикти баалоо жол-жоболорун өркүндөтүү, сертификациялоо жана аккредитациялоо жараяндарын  санариптештирүү маселелери каралууда. Ал эми электрондук сертификаттарды Евразиялык экономикалык комиссиясынын маалыматтары менен айкалыштыруу мерчемделип жатат. Мындан тышкары, бардык жыйынтыктар фотосүрөт жана видео жазуулар менен коштолот.

Министрдин айтымында, өзгөртүүлөр коррупцияны азайтып, таза ишкердикке шарт түзүп, керектөөчүлөр үчүн өнүмдүн сапатын жогорулатат.

 

Фото: ainews.kz


×