Серепчилер: Ата мекендик мунай компанияларынын 80% жашыл технологияларга өттү

Казакстандык мунай ишканаларынын 80 пайызы жашыл технологияларга, тагыраак айтканда эң алдыңкы деп саналган технология принциптерине өттү. Башкача айтканда, өз иш-аракеттеринин натыйжасында зыяндуу заттарды чыгарган жергиликтүү компаниялардын көпчүлүгү экологиялык таза иштөө ыкмаларын жигердүү колдоно башташты. Мындай жыйынтыкка бүгүнкү күндө ишканаларды онлайн текшерүүнү улантып жаткан атайын бюронун серепчилери келишти. Алар текшерүүнү мунайды кайра иштетүү тармагынан баштаган. Тармак  өкүлдөрү заводдор өзгөрүүгө даяр экендигин, модернизация жүргүзүлүп жаткандыгын  жана экологияны коргоого багытталган жаңы жабдууларга инвестиция салынгандыгын көрсөттү. Серепчилердин  айтымында, теке айынын аягына чейин алар мындай 100 уюмду текшерүүгө алышы керек. Жалпысынан өлкөдө биринчи категориядагы 2500 ашуун ишкана бар.

СЕРИК НУРКЕНОВ, НДТ БЮРОСУНУН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Тизме бекитилди, ал 97 ишканадан турат. 50 ишкана ири категориядагы объект болуп саналат, алар милдеттүү түрдө жеринде экспертизадан өткөрүлөт, калган 47 ишкана камералдык жол менен каралат. Бирок карантиндик чараларга байланыштуу катышуу мезгилдери бир аз жылдырылды. Бюро эл аралык адистердин катышуусу менен келерки жылдын үчтүн айынан баштап жер-жерлерде түзмө-түз экспертизаларды баштоону мерчемдеп жатат. Бул Атырау, Темиртау, Өскемен, Павлодар сыяктуу жана башка ири шаарлар, анда адистер учурдагы кырдаалды өз көздөрү менен көрүшөт.

 

Фото: oilcapital.ru


×