Казакстандын негизги капиталына 9,4 триллион теңге инвестиция тартылды

Дүйнөлүк деңгээлде өрчүгөн пандемиянын терс таасирине карабастан жыл башынан бери Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 63 миллиард долларга жетти. Анын 35 миллиард доллары экспорттун үлүшүнө туура келет. Бирок жыл башынан бери ата мекендик өндүрүштүн өсүү темпи 1,9 пайызга жогорулады. Кызмат көрсөтүү тармагы дагы калыбына келүүдө. Экономиканын реалдуу секторуна инвестициялардын көлөмү өсүүдө. Тоо-кен тармагын эсепке албаганда, инвестициялар болжол менен 15 пайызга өскөн. Жалпысынан негизги капиталга 9,4 триллион теңге инвестиция тартылды. Өлкөнүн транзиттик дарамети дагы жогорулады. Казакстан аркылуу өткөн контейнерлердин транзити 35 пайызга көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуунун көлөмү 3,2 миллиард тоннаны түздү. Өкмөттүн кезектеги жыйынында өлкөнүн 10 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү баяндалды.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Он айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын реалдуу сектору өсүштүн оң темпин көрсөтүп жатат. Кайра иштетүү өнөр жай тармагында өсүш 3,2% түздү, анын ичинде тамак-аш өнөр жайында - 3,4, фармацевтика тармагында - 39,7, даяр металл буюмдарын өндүрүүдө - 19,5, унаа курууда - 16,5, анын ичинде автомобиль өнөр жайында - 53,6, кагаз өндүрүү - 15 жана жеңил өнөр жайында - 16,4% түздү. Курулуштун көлөмү 10%, турак жайды пайдаланууга берүү - 9,7% же болжол менен 10,7 млн ​​чарчы метрге көбөйдү. Айыл чарбасында 5,2% туруктуу өсүш камсыз болду.

 

Фото: avesta-news.kz


×