Казакстанда жаңы Суу кодекси иштелип чыгат

Казакстанда жаңы Суу кодекси иштелип чыгат

Өлкөдө жаңы Суу кодекси иштелип чыгат. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мырзагалиев Сенатта өткөн өкмөттүк саатта билдирди. Колдонуудагы документке 17 жыл ичинде 60 жолу өзгөртүү жана толуктоо киргизилген. Натыйжада укук колдонуу ырааттуулугунун жоготуулары байкалган. Бул жалпысынан суу чарбасын башкаруунун бардык деңгээлдериндеги кырдаалдын начарлоосуна алып келет. Ошондой эле департаменттин башчысы жаңы кодекс суу чарба объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча техникалык маселелерди жөнгө салаарын белгиледи. Министрдин айтымында, жакынкы үч жылда өлкө эки чакырымдан ашык ирригациялык тармактарды модернизациялоону мерчемдеп жатат. Мындан тышкары, бир катар аймактарда жаңы суу сактагычтарды куруу көздөлгөн.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ  РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- 9 аймакта 3,6 миллиард кубометрлик 39 жаңы суу сактагыч куруу мерчемделүүдө. Аларды ишке ашыруу үчүн 115 миллиард теңге керек. Суу сактагычтардын курулушу 70 калктуу конушту суу каптоо коркунучун азайтып, 394 миң гектар жаңы сугат жерлерин жүгүртүүгө киргизип, айыл чарбасында 129 миңден ашуун жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул чаралардын натыйжасында трансчекаралык дарыялардын суу көлөмүнө болгон көз карандылыкты жоюуга мүмкүнчүлүк пайда болот. Тактап айтканда, Кыргызстандан 30%, Өзбекстан 25%, ал эми Орусия 15% көз карандылыктан арылат.

 

Фото: baigenews.kz


×