АЧМ: Казакстан 860 миң тоннадан ашык буудай менен ун экспорттоду

АЧМ: Казакстан 860 миң тоннадан ашык буудай менен ун экспорттоду

Казакстан тогуздун айында 860 миң тоннадан ашык буудай жана ун экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буудай жана ундун басымдуу бөлүгүн Өзбекстан, Ооганстан жана Тажикстан сатып алган. Арпанын бардык көлөмү салттуу түрдө Иранга экспорттолгон. Эске сала кетсек, буга чейин Айыл чарба министри Сапархан Омаров быйыл казакстандык дыйкандар жогорку сапаттагы дан эгиндерин жыйнаганын билдирген. Мындан тышкары, Айыл чарба министрлигинин башчысы коронавирус пандемиясына карабастан, Казакстандын буудай жана ун сатуу боюнча экспорттук стратегиясы өзгөрүүлөргө учурабай тургандыгын маалымдаган.

 

Фото: zakon.kz


×