Өкмөт Түркестандын башкы планынын долбоорун жактырды

Өкмөт Түркестандын башкы планынын долбоорун жактырды

Түркестан облус борбору болгондуктан негизги капиталга болжол менен 400 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылды. Шаардын аймагы 3 миң гектарга кеңейип, сырткы келбети өзгөрүлүп, көрктөндүрүлдү. Өкмөт Түркестандын башкы планынын долбоорун жактырды. Документте долбоордун бир катар этаптары камтылган. Негизги максат - Түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий борбору катары ыйык жайды өнүктүрүп, туристтердин агымын эки эсе көбөйтүү. Учурда бул жерде Азирет Султан фонд музейи, Караван сарайы, Туңгуч Президенттин паркы, Назарбаев аллеясы менен жеке инвесторлор тарабынан ири долбоорлор курулуп жатат. Концепцияга ылайык, Сырдария дарыясын табигый өсүмдүктөр менен байланыштыра турган жашыл тилкени түзүү көздөлүүдө. Көрктөндүрүү отчёттук мезгилге чейин 1539 гектарга жетет. Бүгүнкү күндө ал болгону 187 гектарды түзөт. Мындан тышкары, калктын жашоо деңгээлин жана жашоо сапатын жогорулатуу максатында, зарыл болгон инженердик инфраструктура тутумдары жана жетиштүү социалдык объекттер курулат.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Эл Башы Нурсултан Абиш уулу Назарбаевдин тарыхый чечиминин аркасында Ыйык Түркестан шаарын бүткүл түрк дүйнөсүнүн маданий жана руханий борбору катары өнүктүрүүгө чоң түрткү берилди. Бүгүнкү күндө Түркестан шаары өлкөнүн руханий кайра жаралуусунун символу жана өлкөнүн сыймыгына айланууда. Президент Касым-Жомарт Кемелович Токаев Түркестанды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Кыска убакыттын ичинде кеңири жумуштар жасалды. Тарыхый архитектуралык, административдик жана ишкерлик борборлордун, транспорттук жана инженердик инфраструктуранын, турак-жай конуштарынын курулушу интенсивдүү жүргүзүлдү.

 

Фото: zakon.kz 


×