Пандемияга байланыштуу чектөөлөр Казакстандын тышкы соода көрсөткүчүнө таасир этти

Пандемияга байланыштуу чектөөлөр Казакстандын тышкы соода көрсөткүчүнө таасир этти

Карантин учурунда өлкөдө чет мамлекеттер менен сооданын көрсөткүчү кандай болгон? Серепчилердин айтымында, 2020-жылдын аяк оона айынын 1 карата Казакстандын жалпы соода жүгүртүүсү 55 миллиард доллардан ашты. Ошол эле учурда, соода жүгүртүүнүн эң чоң үлүшү Европа Биримдигинин, Орусиянын жана Кытайдын базарларына таандык. Адистердин айтымында, тышкы сооданын үлүшүнүн төмөндөшү дүйнөдөгү чектөө чараларына байланыштуу болду. Натыйжада Казакстан негизги товардык топ болгон минералдык чийки зат менен камсыздоону 16,8% кыскартууга аргасыз болду.

Деген менен күйүүчү май сатууда оң тенденция байкалат. Аны сатуу болжол менен 100 пайызга өстү. Мындан тышкары, тракторлордун жана ундун сатылышы көбөйгөн.

Бүгүнкү күндө ата мекендик өнүмгө Кытай, Италия жана Нидерланды өлкөлөрүнөн суроо-талап чоң. Кытай Эл Республикасы үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 5,2 миллиард долларлык казак өнүмүн импорттогон. Ал эми Италия болжол менен 5 миллиард долларлык өнүм сатып алган.

Импорттун негизги бөлүгүн мунай жана мунай зат өнүмдөрү түзөт. Нидерландыда Казакстандын кара алтынына суроо-талап өзгөчө жогору болду. Европа мамлекети  өлкөдөн 2,4 миллиард долларлык өнүм импорттогон.

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү

2020-жылдын үчтүн айы - баш оона айы - 55,6 миллиард доллар

 

Сатуу базары

ЕБ- 29%

Орусия - 20%

Кытай - 18%

 

ГРАФИКА2

Казакстандын өнүмүн импорттогон өлкөлөр: КЭР, Италия, Нидерланды.

КЭР - 5,2 миллиард доллар

Италия - 4,6 миллиард доллар

Нидерланды - 2,4 миллиард доллар.

 

Фото: inform.kz


×