Бизнести колдоо

Бизнести колдоо

Пандемияга дуушар болгон тармактардын тизмесин кеңейтүү жана ушул тизмеге туризм чөйрөсүн, ошондой эле кайра иштетүү секторунун бардык тармактарын киргизүү. Мындай билдирүүнү "Атамекен" Улуттук палатасынын башкармалыгынын төрагасы Аблай Мырзахетов жасады. Жалпысынан, учурда мамлекет пандемиядан жабыр тарткан 29 багытты аныктады. Кыйыр түрдө өзүнүн таасирин сезбеген тармакты табуу кыйын, дейт Аблай Мырзахметов. Тизмени кеңейтүү тапшырмасы улуттук экономика министрлигине берилди. Мындан улам  Аблай Мырзахметов ишкерлерди колдоо үчүн Өкмөт менен биргеликте Ишкерлер палатасы тарабынан иштелип чыккан бир катар антикаатчылык чараларды атады.

АБЛАЙ МЫРЗАХМЕТОВ, РКНЫН «АТАМЕКЕН» УЛУТТУК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫ  БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биз кечээ Өкмөт менен келишим түзгөнбүз, премьер-министр жана анын командасы ушундай кадамга барганына ыраазыбыз, мында баардык маалымат базалары менен интеграция камтылган, бул ишкерлерге жеке эсептери аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Атамекен палатасы муну жасай алат. ЭЦП кызматтарынын бардык түрлөрү, субсидиялар, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө бардык маалыматтарды алуу, аларга катышуу, тышкы базарлар жөнүндө маалымат алуу, билим базасы, бухгалтердик кызматтар, юридикалык кызматтар, бизнес тууралуу маалыматтар болот. Эң башкысы биз ал жакта «Бизнес петиция» бөлүмүн ачтык.

 

Фото: inbusiness.kz


×