Мунай арзандап, доллар өсүп жатат

Мунай арзандап, доллар өсүп жатат

Дүйнөлүк рынокто мунайга болгон баа төмөндөөдө. Brent маркасынын баасы тогуздун айынын 5нен бери биринчи жолу баррелине 40 доллардан төмөн түштү. Муну соода-сатык маалыматтары тастыктап турат. Кара алтындын бул сортунун Түндүк деңиз мунай аралашмасынын үчтүн айындагы фьючерстеринин баасы 3,92% төмөндөп, баррелине 39,97 долларга чейин, ал эми WTI мунайынын бештин айындагы фьючерстери 4,83% төмөндөп, баррелине 37,66 долларга чейин кыскарган.

Мунайдын баасы арзандаган сайын теңгенин долларга карата курсу алсыроодо. Фонд биржасынын тогуздун айынын 29дагы таңкы сессиянын жыйынтыгы боюнча улуттук валютанын долларга карата курсу 432,17 теңгени түздү. Өлкөнүн акча алмаштыруучу жайларында америкалык валютаны сатып алуунун жана сатуунун орточо баасы 433 теңгенин тегерегинде болууда.

Фото: eadaily.com


×