Казакстан менен Франция ортосундагы кызматташтык

Казакстан менен Франция ортосундагы кызматташтык

Жаңы долбоорлорду жүзөгө ашырууга дүйнөдө болуп жаткан пандемия, чек аралардын жабыктыгы тоскоол болбойт. Тактап айтканда, Франция менен Казакстандын ишкерлери айыл чарба, санарип технологиялар жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөнү көздөшүүдө. Мындай чечим казак делегациясынын Луара жерине  сапары учурунда кабыл алынды.

БРЮНО ВУАЗАР, IOS ЭЛ АРАЛЫК БАТЫШ КЛУБУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Жергиликтүү кардарларга жакын болуу керек. Эгер биз рынокту багындыргыбыз келсе, Казакстан тууралуу уккандан кийин Казакстанга барыш керекпиз. Казакстанга эле  эмес, аны менен катар анын жанында жайгашкан жагымдуу өлкөлөргө дагы баруу туура деп ойлойм. Биздин көптөгөн ишкерлерибиз экспорт тууралуу эле  эмес, ошол жерде өз өндүрүштөрүн ачууну да ойлонууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Франциянын өнөр жай соркыскычтарын чыгарган компания келерки жылы Актау шаарында өз компаниясынын бөлүмүн ачууну көздөп жатканы белгилүү болду. Завод өнүмдөрү Казакстан, Кытай жана Өзбекстандын мунай өндүрүүчү ишканаларына жеткирилет деп күтүлүүдө. Инвестициянын жалпы суммасы жарым миллион еврону түзөт.

ЖОФФРУА ГИЗ, PCM КОМПАНИЯСЫНЫН САТУУ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Ушул убакытка чейин биз бир гана жабдыктарды сатуу менен алектенип келдик. Биздин долбоорубуз – өз өнүмдөрүбүздү Казакстандын базарына ылайыкташтырууга багытталган. Ошондой эле оңдоо иштери менен алектенебиз. Ошондуктан, өлкөдө насосторду орнотуу жана техникалык кызмат көрсөтүү менен алектенген инженерлерди, техниктерди жалдоону ойлонуштуруп жатабыз.

Алдыдагы убакытта француз ишкерлери Казакстанга келүүнү мерчемдешүүдө.

 

Фото: 24.kz


×