Казакстан-АКШ ишкерлик кеңеши

Казакстан-АКШ ишкерлик кеңеши

Казакстан ири чет элдик инвесторлор үчүн абдан жагымдуу өнөктөш. Премьер-министр Аскар Мамин жана АКШнын соода министри Уилбор Росс Казакстан-АКШ ишкерлик кеңешинин онлайн-форматтагы жумушун баштап берди.  Телекөпүрө режиминдеги иш-чарага алдыңкы америкалык компаниялардын 100 ашуун өкүлү, АКШнын Мамлекеттик департаментинин, өлкөнүн улуттук компаниялары менен өнүгүү фонддорунун жетекчилери катышты.

Премьер-министр реалдуу тармактын туруктуулугунун жогорку деңгээли алкагында Казакстан экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулагандыгын белгиледи. Ал эми улуттук экономиканын туруктуулугун алдыңкы эл аралык насыя агенттиктери тарабынан бааланды. Өз кезегинде иш-чарада сөз сүйлөгөн АКШнын соода министри жана Соода-өнөр жай палатасынын президенти Казакстан-Америка ишкерлер кеңешинин түзүлүшү менен эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтык сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарын белгилеп өттү. Америка Кошмо Штаттары - Казакстандын ири экономикалык, соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Казакстан көз карандысыздык алган жылдары АКШдан Казакстанга түз инвестициялардын агымы 53 миллиард доллардан ашкан же тартылган чет элдик капиталдын жалпы көлөмүнүн 15% ашты.

 

Фото: primeminister.kz


×