Ата мекендик экспорттоочуларды колдоо

Евразиялык экономикалык биримдигинин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн альтернативдик тутумдарынын интеграциясынын негизинде улуттук товар өткөрүү системасы түзүлөт. Бул демилге аталган экономикалык мейкиндиктин азык-түлүк хабынын негизги инфраструктурасына айланат. Өлкөнүн Соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун айтымында, Казакстандагы аймактык тармак 24 дүң сатуу борборунан турат. Алар айыл чарба азыктарын сактоо жана бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн толук комплексин  сунуштоого багытталат. Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай жети борборду уюштуруу долбоору колго алынууда.

БАХЫТ СУЛТАНОВ,  КАЗАКСТАНДЫН СООДА ЖАНА ИНТЕГРАЦИЯ МИНИСТРИ:

- Мындай борборлордун түзүлүшү  чийки затты сатып алууга, өнүмдү өндүрүү жана өткөрүү учурунда  жеке кошумча чарбаларды кошо алганда күч-аракеттерин топтоого мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрү кепилденген сатуу жана кирешенин өсүшү менен камсыз болушат. Жалпы улуттук товар өткөрүү тутуму дыйкандарды, сатып алуучуларды, ташуучуларды, өткөрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдү бир кластерге бириктирүү үчүн казыктуу инфраструктура катары иш алып барат.

Ошондой эле министрдин айтымында, ата мекендик экспорттоочулардын өз өнүмдөрүн тышкы базарларга сатуусуна кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн төлөп берүү да бир жолго коюлган. Мисалы, ушул жылдын башынан бери жалпы наркы 4,7 миллиард теңгеге 187 экспорттоочунун арызы канааттандырылды. Жакынкы арада Казакстанда ушул жана башка мамлекеттик колдоо чараларын алуу үчүн экспорттоочуларга арналган бирдиктүү санариптик терезе пайда болот.

БАХЫТ СУЛТАНОВ,  КАЗАКСТАНДЫН СООДА ЖАНА ИНТЕГРАЦИЯ МИНИСТРИ:

- Экспорттоочулар электрондук түрдө кайрылып, чыгымдарын төлөй алышат. Бул багыттагы иштер чыгымдын ордун толтуруу жеңилдигин 7 күндүн ичинде алууга мүмкүндүк берет. Учурда бул арыз боюнча көмөк көрсөтүү 25-30 күнгө чейин созулат. Ошондуктан жогоруда аталган чаралар ата мекендик заманбап технологияларды колдонуу менен жергиликтүү экспорттоочуларга ушундай жардам көрсөтүп жатабыз.

Бахыт Султанов өлкөдө экспортко багытталган ишканалардын санын көбөйтүү көздөлүп жатканын маалымдады. Бул жаатта өлкөдө жыл сайын 100 жаңы компанияны даярдап, 2025-жылга карата  туруктуу экспорттоочулардын санын азыркы 445тен 1000ге чейин жеткирүү мерчемделген.

 

Фото: ehonews.kz​


×