Казакстандык изилдөөчүлөр вируссуз үрөн жасоону колго алды

Түндүк Казакстандагы биотехнология лабораториясында вирусу жок үрөн өндүрүлөт. Бүгүнкү күндө дан эгиндеринин элүүдөн ашык түрү изилденди. Натыйжада аймактын климатына ылайыктуу өсүмдүктөр тандалып алынды. Бул жерде вируссуз материал микроклоналдык көбөйтүү ыкмасы менен алынат. Бул чындыгында жасалма шартта гана өсүмдүктөрдүн вегетативдик көбөйүшү. Салттуу өсүп-өндүрүүгө караганда аталган ыкманын артыкчылыгы көбүрөөк.

АЙНУР БАЛАХМЕТОВА, АГРОТЕХНИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТ ДЕКАНЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул албетте, биринчиден - генетикалык жактан бир тектүү баштапкы материалды алуу үчүн, экинчиден - биз ушул ыкма менен көбөйүүнүн жогорку коэффицентин алабыз, үчүнчүдөн – вирустар менен  бактериялардан  таза жана ден-соолукка пайдалуу материалды алабыз.

Кытайдын Түндүк-Батыш айыл чарбачылыгы жана токой чарбачылыгы университети менен өз ара пайдалуу илимий кызматташтыктын натыйжалары жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Лабороторияда жаңы сортторду чыгаруу үчүн Козыбаев атындагы университеттин Агротехнология факультетинин студенттери, магистранттары жана жаш окумуштуулары иш алып барууда. Ал үчүн бул жерде бардык шарттар түзүлгөн.

ФАРИЗА МУКАНОВА, АГРОНОМИЯ ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ КАФЕДРАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул жерде студенттер кооз чөйрөнү даярдоодон баштап, ачык жерде даяр урукту алуу жараяндардын бардыгын өз көздөрү менен көрүү аркылуу тааныша алат. Бул жаш илимпоздор үчүн өтө маанилүү.

Жаш изилдөөчүлөр өздөрү иштеп чыккан сунуштар республиканын айыл чарба өнөр жай комплексине реалдуу пайда жана жаңы түрткү берерине ишенишет.

 

Фото: supersadovnik.ru


×