Евразиялык өнүктүрүү банкы Казакстан экономикасынын өсүшүн болжолдоду

Алдыдагы эки жылдын ичинде Казакстандын ИДӨ орто эсеп менен 5 пайыздын тегерегинде өсөт. Евразия Өнүктүрүү Банкы 2021-2022-жылдары өлкөнүн экономикасы кандай өзгөрөрүнө болжол жасады. Финансы институтунун макроэкономикалык баяндамасына ылайык, COVID-19 пандемиясынын кесепеттери дүйнөлүк ишкердүүлүктү жана эл аралык соода көлөмүн азайткан. Дүйнөлүк эпидемиянын кесепети Казакстанга да тийбей койгон жок. Деген менен өлкөнүн экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү  ылдыйлап, ушул жылдын биринчи жарымында 1,8 пайызга чейин төмөндөгөн. Бирок өкмөт тарабынан өз убагында кабыл алынган антикризистик колдоо чаралары анын терс таасирлерин бир кыйла азайтты. Банктын Серепчилик борборунун адиси Айгүл Бердигулованын айтымында, Казакстандын экономикасынын жандануусуна жана ишкердүүлүктүн өсүшүнө карантиндик чектөөлөрдүн жумшартылышы жана мамлекеттик колдоо механизмдеринин натыйжалуулугу, монетардык жана фискалдык шыктандыруу саясаты себеп болду. Мунун аркасында келерки жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү жогорулап, экономикалык көрсөткүчтөрдү каатчылыкка чейинки деңгээлге көтөрүүгө болот, дейт серепчи.

АЙГҮЛ БЕРДИГУЛОВА, ЕВРАЗИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ТАЛДООЧУЛУК БОРБОРУНУН АГА СЕРЕПЧИСИ :

- Республиканын бийлик өкүлдөрү  мамлекеттик колдоонун комплекстүү программасын ишке кошту. Мындай колдоонун масштабы өтө кеңири көлөмдө жүргүзүлүп жатат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, бул ИДӨнүн 8-9 пайызын түзөт. Албетте, бул оор мезгилде экономикага жакшы колдоо болот. Биз бул кырдаалды эске алып, 2020-жылга карата өлкөнүн жалпы ички өнүмү 2,5 пайызга төмөндөйт деп болжолдоп жатабыз. Ал эми алдыдагы эки жылда пандемиянын таасири азаят деп күтүлүүдө. Социалдык саясатты стимулдаштыруу, натыйжалуу тышкы насыя саясатын жүргүзүү Казакстан экономикасынын бир нече  өсүшүнө түрткү берип, оң таасирин тийгизет.

 

Фото: eadaily.com


×