Казакстан менен Түркия айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Түркия ветеринардык дары-дармектерди жана вакциналарды чыгаруучу завод курууну көздөп жатат. Ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу эки өлкөнүн ортосунда бир катар келишимдерге жетишилгенден кийин гана мүмкүн болууда. Өндүрүш борборунун курулушу Түркестан облусунда башталат.

ТӨРЕГЕЛДИ КАЛМУРАТОВ, КОМПАНИЯНЫН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Биз үч этап менен инвестиция тартууга макулдаштык. Анын биринчиси, 2020-жылы курулуш иштерин баштап, 2021-жылы ишке киргизүү каралган. Долбоорго 7 миллион доллар, анан 25 миллион доллар, андан кийин 18 миллион доллар сарпталат. Бул ата мекендик вакцина чыгаруучу завод болот.

АБДУЛЛА ТУТАР, КОМПАНИЯНЫН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Сиздердин өлкөдө мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Ошондуктан малды ар кандай оорулардан сактоо керек. Казакстанда ишке кире турган завод келечекте коңшу өлкөлөрдү да өнүм менен камсыздоого күчү жетет.

Аны менен катар, эки тарап Алматы облусунда алма көчөтүн өстүрүү питомнигин куруу боюнча келишимге да кол койду.

СЕРИК САДЫКОВ, ГЗИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Наркы 20 миллион доллардан ашкан долбоорду ишке ашыруу боюнча келишим түздүк. Инвестор анын 1 миллион долларын бүгүн берүүгө даяр. Биз Алматы, Түркестан жана Жамбыл облустарын жемиш көчөттөрү менен камтыйбыз. Бул долбоордун алкагында бак-дарактардын сапатын камсыз кыла турган атайын лаборатория да курулат.

Эки өлкөнүн ортосунда дагы бир катар келишимдерге кол коюлду. Алардын бири - Павлодар облусунда кант өндүрүүчү заводду ишке киргизүү болуп саналат. Түрк ишкерлери Казакстанга кулпунай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн инвестиция салууну көздөп жатышат.

 

Фото: 24.kz


×