Өкмөт ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук маселелерин карады

Айыл чарба министрлиги чек ара бекеттеринде ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункттарын түзүүнү сунуштоодо. Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн мекеме мамлекеттик бюджеттен 3 миллиард теңге бөлүүнү суранды. Каражат тиешелүү улуттук көзөмөл тутумдарын түзүүгө жумшалат, ошондой эле чек арага өлкө аймагына ташылып келген өнүмдү текшерүү үчүн кошумча өткөрүү пункттарын орнотуу мерчемделип жатат. Өкмөттүн отурумунда өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу чаралары да талкууланды. Буга байланыштуу премьер-министр бир катар тапшырмаларды берди.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Айыл чарба жана Юстиция министрликтери кызыктар мамлекеттик органдар менен биргеликте карантиндик жана чектөө чараларын белгилөө, алып салуу боюнча жергиликтүү аткаруу органдарынын чечимдерин сот органдарында каттоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтсүн. Айыл чарба министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте натыйжалуу көзөмөлдү уюштуруу үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн улуттук тутумун өнүктүрүшү керек.

Казакстанда 15 жыл ичинде биринчи жолу  канаттуулардын 2%, бул болжол менен 873 миңдей канаттуу куш тумоосунан кырылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Министрдин айтымында, куш тумоосу аныкталган учур сегиз облуста, анын ичинде Чыгыш Казакстан облусунда катталды. Учурда мекеме башчысы министрликте жана жер-жерлерде ыкчам штаб түзүлүп, карантин жарыяланып, куш этин ташып келүүгө тыюу салынгандыгын билдирди. Премьер-министр Аскар Мамин куш тумоосу боюнча кырдаал турукташып, өзгөчө көзөмөлгө алынганын билдирди.

 

Фото: primeminister.kz


×