ЭВФ: Казакстан коронавирустун биринчи толкунунан ийгиликтүү өттү

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бардыгы эле ушул жылы коронавирустук инфекциянын биринчи толкунунан ойдогудай  өтө алган жок. Бул жагынан алганда Казакстан көпчүлүккө үлгү боло алды. Эл аралык Валюта Фонду дүйнөлүк экономикадагы жаңы өнүгүүнүн божомолун жарыялады. Эсептөөлөргө ылайык, быйыл өлкөнүн ИДӨ 2,7 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө. Мындай абал акыркы 30 жылдан бери өлкөдө катталган эмес. Деген менен серепчилер бүгүнкү күндө Казакстандын экономикасынын күч-кубаты көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө караганда алда канча жакшы деп эсептешет.

ВЯЧЕСЛАВ ДОДОНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЛДЫНДАГЫ КСЗИ БАШКЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Эл аралык Валюта Фонду келечекти так болжолдоо үчүн бүгүнкү күндө орун алып жаткан окуяларга таянат. Анын негизинде жылына 4 божомол жарыялайт. Алардын ар биринде учурдагы көрсөткүчтөрдүн натыйжалары келтирилген. Демек, болжолдоолор так болуп жатат. Белгилей кетсек, Эл аралык Валюта Фондунун акыркы отчётуна ылайык, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө караганда азыраак. Бул каатчылыктын алдын алуу боюнча өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасы. Бул чындыгында дүйнөнүн жана региондун экономикалык көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу абдан жакшы жыйынтык.

ЭВФтин маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандын ИДӨ 8% түшүп, минус 4-12% түзөт. Түркмөнстан менен Тажикстанда бул көрсөткүч мурдагы деңгээлде калат. Ал тиешелүүлүгүнө жараша 1,8 жана 1 пайызды түзөт. Фонд Өзбекстан үчүн ИДӨ болжолун иштеп чыкты. Анда болжол менен 1,8 - 0,7 пайызды түзөөрү айтылат. Өткөн чын куран айындагы божомолго ылайык, Борбордук Азия экономикасынын басаңдашы кооптуу илдеттин жайылышына жол бербөө үчүн көрүлгөн чектөө чараларынын натыйжасында болгон.

 

Фото: delo.ua


×