Казакстан-Украина бизнес форуму өттү

Казакстан менен Украина машина куруу, фармацевтика жана айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү технологиясына байланыштуу 3 меморандумга кол койду. Бул тууралуу Киевде эки тарап ортосундагы бизнес байланышты бекемдөөгө багытталган форумда белгилүү болду. Анда Казакстан менен Украинанын соода-инвестициялык байланышы кенен талкууланып, Украинанын ишкердик топ өкүлдөрүнө Казакстандын бизнес климаты тааныштырылды.

БИРЖАН КАНЕШЕВ, КАЗАКСТАНДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫ БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз Украинанын бизнес өкүлдөрүнө ар тармак үчүн пакеттик чечим бар экенин көрсөттүк. Өлкөбүздүн инвесторлорго сунуштаган артыкчылыктарын көрсөтө алдык. Ошондой эле Казакстанда иштөө учурунда кепилдик бар экенин да айтып бердик. Мисалы, бизде ишин ачса, долбоордун өздүк наркы 30 пайызга чейин төмөндөйт, бул чет элдик ишкерлер үчүн өтө жакшы сунуш.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн ишкердик топ өкүлдөрү – тамак-аш жана жеңил өнөр жай, химия, IT тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

ЕВГЕНИЙ ЕНИН, УКРАИНАНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан Өкмөтүнүн чет элдик инвесторлорго сунуштаган мүмкүнчүлүктөрү бизди, албетте, кызыктырды. Бөтөнчө эл аралык инвестициялар борборлорун курууга байланыштуу Казакстандын тажрыйбасына кызыгып жатабыз.

ДЕНИС КРАСНИКОВ, УКРАИНАНЫН ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА ИШКЕРЛЕР БИРИКМЕСИНИН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Украинанын айти рыногуна да назар салуу керек. Бул кызмат түрү транзитти талап кылбайт. Кыргызстан биздин банк тармагындагы өнүмдөрүбүздү колдонуп келет. Өзбекстан Республикасы биринчи кезекте кардарларга кызмат көрсөтүүгө арналган программалар менен башка банктык программаларды алат. Казакстандын каржы уюмдары менен да кызматташтыкты караштырып жатабыз.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Украинанын ортосунда 20 биргелешкен ишкана иштейт. Алдыда бириккен фирмалардын санын көбөйтүү көздөлүүдө.

 

Фото: inform.kz