Нурлан Нигматулин: Үнөмдөлгөн каражат айыл-аймактарды өнүктүрүүгө жумшалуусу керек

Нурлан Нигматулин: Үнөмдөлгөн каражат айыл-аймактарды өнүктүрүүгө жумшалуусу керек

Семинарлар жана симпозиумдарды уюштурууга арналган каражат көлөмүн  кыскартуу керек. Ал эми үнөмдөлгөн акча социалдык мааниси бар долбоорлорго багытталганы туура. Бул тууралуу Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирди. Мажилистеги «Nur Otan»  фракциясынын лидери жумушчу топко бул маселени мамлекеттик органдар менен биргеликте кароону тапшырды. Кабыл алынган чечимдер 2021-23-жылдарга республикалык бюджеттин долбооруна киргизилиши керек. Депутаттар айыл аймактарын ичүүчү суу менен камсыздоо, айылдарда фельдшердик-акушердик пункттарды жана амбулаториялык пункттарды ачуу керектигин баса белгилешти. Нурлан Нигматулиндин айтымында, квазимамлекеттик тармакта жумшала элек каражаттын бир бөлүгүн ушул максатка жумшоого болот. Төрага фракция өлкө бийлигинин тапшырмалары менен партиянын шайлоо алдындагы платформасын ишке ашырууга артыкчылык берерин кошумчалады.

 

Фото: 24kz