Сенатта ЕАЭБ келишимине өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизилди. Сенат депутаттары буга байланыштуу мыйзам долбоорун жактырышты. Улуттук экономика министри Руслан Даленовдун айтымында, протокол өткөн жылы Ереванда иштелип чыккан. Документ Биримдиктин аймагына ташылып келинген товарларга алына турган бажы алымдарынын өлчөмүн аныктоо ченемдерин бекитүүнү көздөйт. Бул ченемдер 5 өлкөнүн үлүшүн белгилейт.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Бул жаатта Казакстан үчүн стандарт 6,955% болуп эсептелет. Аталган  ченемдер Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин импорттук бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө тең салмактуу мамилени камсыз кылууга арналган.

Протоколдо белгиленген талаптардын сакталышы Биримдик өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары тарабынан жыл сайын текшерилип турат.

 

Фото: 24.kz


×