Казакстанда 1,5 миллион теңгелик мамлекеттик жеке-менчик өнөктөштүк долбоорлору ишке ашырылууда

Казакстанда 1,5 миллион теңгелик мамлекеттик жеке-менчик өнөктөштүк долбоорлору ишке ашырылууда

Нур-Султанда Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн экинчи эл аралык форуму онлайн режимде өтүп жатат. 30 жакын мамлекеттин серепчилери чакан шаарларга жана айылдарга чет элдик инвестицияларды тартуу маселелерин, ошондой эле экономикалык каатчылыктан пандемия шартында айланып өтүүнүн жолдорун талкуулашат. Мындан сырткары, форумдун алкагында Азия-Тынч океанынын инфраструктурасын каржылоо жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагынын төртүнчү жыйыны өтөт. Ага бизнес жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлор, ошондой эле чет элдик серепчилердин катышуусу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, учурда Казакстанда МЖӨ тутумунун негизинде жалпы наркы 1,5 триллион тенгеден ашык 815 долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоорлор мектептер, бала бакчалар, кичи борборлор, амбулаториялык-поликлиникалык жана айылдык фельдшердик-акушердик пункттардын курулушу сыяктуу тармактарды камтыйт.

ТАЛГАТ МАТАЕВ, КАЗАКСТАН МЖА БОРБОРУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Бизде аймактарда чакан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору өтө тездик менен өнүгүп жатат. Ушундан улам тармак жигердүү өнүгүп келүүдө. Бирок ири инфраструктуралык долбоорлор өнүгүп жаткан башка өлкөлөрдө абал тескерисинче экенин көрүп жатабыз.

 

Фото: informburo.kz