Экономика жанданып, ишкердик жигердүүлүк жогорулады

Аяк оона айында Казакстандын экономикасында оң өзгөрүүлөр байкалды. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди. Анын айтымында, тейлөө тармагы күч алып, ишкердик жигердүүлүк жандана баштады. Инвестициянын көлөмү дагы жогорулады.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Тоо-кен тармагын кошпогондо, жалпы экономика боюнча инвестиция өсүүдө. Инвестициялар саламаттык сактоо, байланыш, суу менен камсыздоо, турак жай, айыл чарба, кайра иштетүү жана транспорт тармагында көбөйдү.

Реалдуу тармакта өсүш сакталууда. Бул жаатта өсүш 2,2% чейин тездеген. Бул Казакстандын өнүмдөрүнүн экспорттук дараметин жогорулатууга жана инвестицияларды көбөйтүүгө түздөн-түз байланыштуу, дейт министр Даленов.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Бул жаатта экспорт 8 ай ичинде 31,9 миллиард долларды түзүп, 8,1 миллиард доллар деңгээлинде оң төлөм балансын камсыз кылды. Даяр жана кайра иштетилген өнүмдүн экспорту көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы - баш оона  айларында экспорттолгон автоунаалардын көлөмү 5,7 эсеге, ферросилиций - 5,4 эсе, күн карама майы - 86 пайызга, титан куймалары - 9,5 пайызга өскөн.

Ошентип ата мекендик өндүрүштүн базасы кеңейди. Министрдин маалыматында, 9 айда автоунаа өнөр жайы 51,6 пайызга, фармацевтика 39,8 пайызга, даяр металл буюмдары 18,9 пайызга жана жеңил өнөр жай 14 пайызга өскөн.

 

Фото: egemen.kz


×