Нур-Султанда тоо-кен металлургия конгресси өтөт

«Kazakhstan Mining Online Conference and Workshops: тоо-кен металлургия өнөр жайынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Нур-Султан шаарында тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эл аралык онлайн-конгресс тогуздун айынын 14-15-күндөрү өтөт. Салтка айланган иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү ата мекендик, канадалык жана британиялык өнөр жай адистери жана серепчилери тоо-кен металлургиясы рыногунун учурдагы абалы менен дараметин талкуулашат. Ошондой эле коронавирус эпидемиясынын тармакка тийгизген таасири талкууланып, аларды чечүү жолдору каралат. Жалпысынан иш-чарага беш жүзгө жакын адам катышат деп күтүлүүдө. Конгресстин программасында сессияларды жана панелдик талкууларды уюштуруу каралган. Серепчилер тармакка заманбап технологияларды киргизүүнүн маани-маңызын айтып, абалды жакшыртуу боюнча кеңештерин беришет.

ЕРНАР САРЖАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ИИДМ ТҮСТҮҮ МЕТАЛЛУРГИЯ ЖАНА СЕЙРЕК КЕЗДЕШҮҮЧҮ МЕТАЛЛДАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Иш-чарада тармактын дээрлик бардык актуалдуу маселелерин кароо мерчемделүүдө.  Бир гана Казакстанга эле эмес, бүткүл дүйнөнү кызыктырган актуалдуу маселелер талкууга алынат. Бул биринчиден экологиялык кодекс алкагында колго алынып жаткан демилгелер. Атап айтканда, жеткиликтүү мыкты технологияларды киргизүү, өнүмдү сактоо жана сактоо тутумдарын өркүндөтүү. Башкача айтканда, биздин жолугушуу Экология, геология жана жаратылышты пайдалануу министрлигинин катышуусунда өтөт. Экинчи күн тышкы кызматташууга арналат. Бул - британдык жана канадалык өнөктөштөр.

 

Фото: metalmininginfo.kz


×