Казакстанда канаттуулардын кырылуусу басаңдады

Казакстанда канаттуулардын кырылуусу басаңдады

Казакстанда канаттуулардын кырылуу көрсөткүчү басаңдады. Бүгүнкү күндө суткасына 22 өлүм катталып жатат. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Турсын Кабдулданов билдирди. Аяк оона айынын ортосунан бери куш тумоосуна байланыштуу өлкөнүн 7 дубанынын 78 калктуу конушуна карантин киргизилген. Актөбе, Түркестан, Шымкент, ошондой эле Акмола, Жамбыл, Кызылорда жана Түндүк Казакстан облустарынын айрым аймактарында куш тумоосу аныкталган жок.

ТУРСЫН КАБДУЛДАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН АЧМ ВЕТЕРИНАРДЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ КОМИТЕТИ ТӨРАГАСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУСУ:

- Өлкөдө куш тумоосу боюнча абал жакшырууда. Компенсация төлөө башталды. Ушул кезге чейин 75 миллион теңге төлөндү. Дагы 15 миң канаттуунун кырылганы тууралуу документ келип түштү. Буга байланыштуу иштер жүрүп жатат.

Адистердин айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Учурда 26 мамлекетте куш тумоосу аныкталды. Мисалы, Орусияда вирустун кесепетинен 1,5 миллиондон ашык канаттуу кырылган. Буга байланыштуу Казакстанда эпидемия башталгандан бери төрт миллиондон ашуун куш тумоосуна каршы вакцина бөлүндү. Бүгүнкү күнгө чейин эмдөө иштери Акмола, Чыгыш Казакстан, Кызылорда облустарында жана Нур-Султан шаарында жүргүзүлдү.

 

Фото: inform.kz