Эски акчалар жүгүртүүдөн алынды

Эми эски банкноттор менен соода жасалбайт. Мындан ары 2000, 5000 жана 10 миң теңгелериндеги банкноттор бир дагы каржы мекемеси тарабынан кабыл алынбайт. Бул 4 жылдык алмашуу мезгилинин бүтүшүнө байланыштуу, ошондуктан банктар 2006-жылдагы акча үлгүсүн кабыл албайт. Буга байланыштуу эски акчаларын алмаштырууга үлгүрбөй калган казакстандыктарда кагаз акчаларды өзүндө сактап калуудан башка арга жок.

РКНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ:

 - «2006-жылкы үлгүдөгү 2000, 5000 жана 10,000 теңгелердеги үлгүлөр Казакстан Республикасынын аймагында, анын ичинде экинчи деңгээлдеги банктарда, Улуттук почта операторунун филиалдарында жана Улуттук банкта алмашуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кабыл алынууга жана алмаштырууга жатпайт».

УЛУТТУК БАНК $232 МИЛЛИОН  ВАЛЮТАЛЫК ИНТЕРВЕНЦИЯ ЖАСАДЫ

Ошондой эле өлкөнүн Улуттук банкы валюталык интервенция жасады. Каржы мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул ушул жылдын жалган куран айынан бери биринчи жолу болуп жатат. Улуттук банктын мындай чечим кабыл алышына базардагы баалардын туруксуздугун жөнгө салуу түрткү болду. Натыйжада каржылык интервенциянын масштабы 230 миллион долларды түздү. Сатуу алтын активдеринин фондулук рыногунда жүзөгө ашырылды.

 

Фото: tengrinews.kz