Сенат депутаттары айыл чарбасы тармагын санариптештирүүнү сунуштады

Казакстандык сенаторлор айыл чарба жаатындагы статистиканын тактыгын камсыз кылуу маселесин көтөрүштү. Өндүрүштүн так көлөмүн, үрөндүн чыныгы сапатын, зыянкечтер менен илдеттердин жайылышын так билүү. Кырдаалды оңдоо үчүн тармакты толугу менен санарипке өткөрүү сунушталды. Эл өкүлдөрү  бул жатта заманбап технологияларды мүмкүн болушунча толук пайдалануу керек деп ишенишет.

АХЫЛБЕК КУРИШБАЕВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТИ СЕНАТЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Бардык өнүккөн өлкөлөрдө аралыктан зонддоо технологиясын киргизүү алдында ар бир аймак үчүн колдонулган аэрокосмостук сүрөттөрдүн маанисин чечмелөө методикасы иштелип чыгат. Маалыматтардын бирдиктүү платформасын калыптандыруу жүргүзүлөт.  Ансыз толук жана так маалымат алуу мүмкүн эмес. Ал эми бизде айыл чарбасын санарипке өткөрүүдө мындай системасы жок. Башкача айтканда, биз иштин башын курап албай, мындай маанилүү ишти чийки жасап жатабыз. Бул жерди космостон байкоо жүргүзүүгө бөлүнүп жаткан миллиарддаган мамлекеттик каражаттардын натыйжалуулугуна таасир этет.

Депутаттар мал чарбачылыгына санарип технологияларды киргизүү керек деп эсептешет. Ошол эле учурда, адам факторунун таасирин толугу менен жок кылып, малды каттоо жана ветеринардык документтердин тутумун санарипке өткөрүү маанилүү. Аны айрым региондордо пилоттук режимде сыноодон өткөрүп, тез арада өндүрүшкө киргизүү керек, дейт Ахылбек Куришбаев.

АХЫЛБЕК КУРИШБАЕВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТИ СЕНАТЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Агрардык өнөр жай комплексинде санарип технологияларды колдонуу айыл чарбасынын абалы жөнүндөгү маалыматтардын тактыгын жогорулатып гана тим болбостон, акимчиликтин миңдеген кызматкерин аларга таандык эмес ар кандай маалыматтарды топтоо ишинен бошотуп, ал эми өлкөдөгү ветеринар адистерди иш кагаздарынан арылтып, алардын баарына өздөрүнүн негизги жумуштары менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Санариптештирүүнүн негизги максаты - тармак өндүргөн өнүмдүн сапаты менен эмгек ресурстарынын натыйжалуулугун максималдуу жогорулатуу.

 

Фото: globalcentre.hse.ru