Казакстанда кайра жанма энергияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт

Казакстанда кайра жанма энергияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт

Электр энергиясына болгон тышкы көз карандылыкты азайтуу. Мажилисте кайра жанма энергия булактарын пайдаланууну колдоо жана электр энергетикасы маселелери боюнча мыйзам долбоору каралды. Документти төмөнкү палатанын депутаты Шавхат Утемисов тааныштырды.

ШАВХАТ УТЕМИСОВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Мыйзам долбоору манёврдүү объекттерди курууга түрткү берет. Бүгүнкү күндө өлкөдө электр энергиясы профицити бар. Бул болжол менен 3000 МВт. Деген менен учурда манёврдүү кубаттардын жетишсиздиги байкалат. Сутканын кечки убактысында көбөйүп, түнкүсүн азайгандыктан электр энергиясын бирдей эмес керектөө электр станцияларынын тез арада алмаштыруу иш тартибин талап кылат. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунда генерациялык манёврдик режими бар объекттерди куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сунушталууда.

Ошол эле учурда, долбоорду тандоо боюнча аукцион механизми колдонулуп, сатып алуу мөөнөтү узартылат. Ошентип, Казакстандын электр тутумунун тышкы булактарга көз карандылыгы төмөндөйт. Мисалы, бүгүнкү күндө энергияны жөнгө салуу кызматтар үчүн Орусияга кетип жаткан каражат өлкөдө калат. Бул жыл сайын болжол менен 10-12 миллиард теңгени түзөт.

ШАВХАТ УТЕМИСОВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Ушул максатта, сунуш кылынган иш-чараларга кайра жанма энергия булактарынан электр энергиясын сатып алуу келишимин 15 жылдан 20 жылга чейин узартуу көздөлгөн. Ошондой эле, кайра жанма энергия булактарынан электр энергиясын сатып алуу мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу сунушталды.

Бул өз кезегинде инвесторго аукциондордо эң төмөнкү тарифтерди сунуштоого мүмкүндүк берет. Натыйжада керектөө чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк пайда болот.

 

Фото: inform.kz 


×