Серепчи пикири: Өлкө мунай өндүрүшүнө караганда баанын өсүшүнө кызыктар

Серепчи пикири: Өлкө мунай өндүрүшүнө караганда баанын өсүшүнө кызыктар

Казакстан мунай өндүрүшүнө караганда, баалардын өсүшүнө көбүрөөк кызыктар. Бул экономист Сапарбай Жобаевдин пикири. Серепчинин айтымында, кара алтынды өндүрүүнү чектөө экономикага олуттуу таасирин тийгизбейт. Маселе чыгымдын өтө эле төмөн болуп жаткандыгында. Учурда өлкөнүн ИДӨдөгү мунайгаз тармагынын үлүшү болжол менен 15% ды түзөт. Ошол эле учурда, казына кирешелеринин негизги бөлүгү мунай экспортунан көз каранды экендигин эске алуу керек, - деди ал. Буга катар Covid 19дун басаңдашы да мунайзаттын баасына таасирин тийгизбей турганы анык.

САПАРБАЙ ЖОБАЕВ, ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Жакында мунайдын баасы 45-50гө жетет деп ойлойм. Пандемия аяктап, дүйнөлүк экономика өнүгө баштаганда, авиа каттамдар жанданып, бензинге суроо-талап көбөйө баштаган кезде, албетте, баа 45-50гө чейин көтөрүлүшү керек. Биз муну кадыресе көрүнүш деп эсептейбиз.

Азырынча мунайдын рыноктогу баасы өзгөрүлүп турат. Ал өткөн жумада 4 пайызга төмөндөгөн. Ошентип, кара алтындын Brent маркасы баррелине 39 долларга түшүп кетти. Мунун бир себеби - ОПЕКке мүчө өлкөлөр ашыкча мунай ташып жатышат. Ошол эле учурда Казакстан ОПЕК+ келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн айда мунай өндүрүүнүн орточо көлөмү суткасына 1 миллион 349 миң баррелди түзгөн.

 

Фото: egemen.kz


×