Ички рынокту ата мекендик азык-түлүк өнүмдөрү менен камсыздоо

Ички рынокту ата мекендик азык-түлүк өнүмдөрү менен камсыздоо

Казакстанда 2025-жылга чейин комплекстүү планга ылайык, 380 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Бул максатка 5 триллион тенгеден ашык инвестиция жумшалат. Бул эң алды менен азык-түлүк өнүмдөрүнүн артыкчылыктуу түрлөрү үчүн 7 экосистеманы түзүп, ички рынокту балык, мөмө-жемиш, эт, жашылча-жемиштер, кант, дан азыктары, май жана сүт азыктары менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Өкмөттүн жыйынында ички рынокту ата мекендик өнүм менен жабуу маселеси каралды. Учурда ата-мекендик өндүрүштүн эсебинен 29 негизги азык-түлүктүн 23 түрү менен камсыз кылынып жатат. Бул биринчи кезекте жер-жемиштер, дан эгиндери, ун, эт азыктары жана башкалар. Азыркы учурда алма, балык, колбаса, сыр жана быштак, шекер жана үй канаттуулары сырттан алынып келинүүдө. Импортту алмаштыруу максатында 2024-жылга чейин жаңы канаттуулар фабрикаларын, эт комбинаттарын, сүт жана кант заводдорун ишке киргизүү, алма бактарынын аянтын көбөйтүү боюнча бир катар чараларды көрүү мерчемделип жатат.

АСҚАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Ички рынокту ата мекендик азык-түлүк менен толтуруу Өкмөттүн стратегиялык милдети болуп саналат. Өлкөбүздө дүйнөлүк азык-түлүк түйүндөрүнүн бири болууга айкын мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан, Өкмөт ушул маанилүү милдетти чечүү үчүн агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө мындан ары көңүл бурат.

 

Фото: primeminister.kz