Казакстан Кытайга эт жеткирүү көлөмүн көбөйтөт

Кытай Казакстандан сатылып алынган эттин көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Учурда Кытай Эл Республикасына уй этин экспорттоо менен алектенген 9 жергиликтүү компания бар. Эми дагы 35 жаңы эт комбинатын кошуу мерчемделүүдө. Аларга коюлган негизги талап - Кытай тараптын шарттарына жооп берүү.

ДАНАГҮЛ САТОВА, РКНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН КЭР БОЮНЧА КООРДИНАТОРУ:

- Кытай тарабынан коюла турган талаптар эл аралык талаптарга абдан окшош. Алар кеңири масштабдуу. Негизги талап - касапкана өзүнчө, ал эми этти жиликтей турган цех  өзүнчө болушу керек.

Бул эт комбинаты жылына 8000 тоннага чейин эт азыктарын өндүрөт. Келечекте завод өзүнүн кубаттуулугун 10 миң тоннага жеткирүүнү мерчемдеп жатат. Алардын катарында уй этинин мрамор сорту, жогорку сапаттагы Ангус жана Герефорд бука эти, ошондой эле стейкке даярдалган чойс кирет. Жалпысынан өнүм экологиялык жактан таза, баасы сапатына ылайык. Аны казактар гана эмес, орус жана кытай гурмандары да жогору баалашты.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, РКНЫН АЙЫЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Дыйкандар Кытай базарынын ачылышын күтүп жатышты. Бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Дүйнөдөгү бир дагы мамлекетте биздикиндей жайыт жок деп ойлойм. Бүгүнкү күндө 222 миллион гектар айыл чарба жерибиз бар, анын 180 миллион гектары жайыт болуп саналат. Мындан тышкары, 100 миллион гектар колдонула элек. Мындай базардын ачылышы бизге жакшы инфраструктураны түзүп, фермерлерди эт багытындагы мал чарбасына тартууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Фото: inform.kz