Казакстанда Эл аралык инвесторлор жумалыгы өтүүдө

Акчаңызды эки эсе көбөйтүүнүн эң натыйжалуу жолу кандай жана инвестициялоонун жаңы жолдору кайсылар? Казакстанда Эл аралык инвесторлор жумалыгы онлайн-форматта өтүүдө. Иш-чарада акчаны үнөмдөп, ийгиликке жетүүнү каалагандар үчүн пайдалуу кеңештер берилип, квалификациялуу адистердин жана ишкер адамдардын дарстары окулат. Ар бир адам керектөөчүлөрдү жана инвесторлорду коргоо, баалуу кагаздар рыноктору, жашыл жана исламдык каржылоо, каржы технологиялары, баалуу кагаздар рыногунун инструменттери, ошондой эле кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана үй-бүлөлүк каржылоо сыяктуу ар кыл темада билген билимин кошо алат. Уюштуруучулардын максаты - казакстандыктардын инвестициялык сабаттуулугун ачуу. Тагыраак айтканда, өлкөнүн ар бир тургунунун ийгиликтүү болушуна салым кошуу.

МУХТАР БУБЕЕВ, АЭКБ КАРЖЫ КЫЗМАТТАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА КОМИТЕТИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Адамдар акчаларын каякка жумшоону, тобокелчиликтерди жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү билиши керек. Бул маселе азыркы дүйнөдөгү пандемия учурунда өзгөчө актуалдуу. Кантсе да, бул кырдаал эл аралык каржы рынокторуна таасирин тийгизди. Жалпысынан дүйнөлүк экономиканын өнүгүү темпи басаңдады. Андыктан көпчүлүктү үнөмдөлгөн каражаттарды сактоо, каражаттарды натыйжалуу инвестициялоо жана алдамчылыктын алдын алуу маселелери ойлондурат. Биз дал ушул жаатта сүйлөшөбүз.

 

Фото: inform.kz


×