Казакстанда Эл аралык инвесторлор жумалыгы өтөт

Казакстанда Эл аралык инвесторлор жумалыгы өтөт

Тогуздун айынын 5-9-күндөрү борбордо Виртуалдык эл аралык инвесторлор жумалыгы өтөт. Бул жылы иш-чаралар онлайн презентация жана онлайн маалымат сессиялары форматында уюштурулат. Аларга каалаган адам катыша алат. Иш-чаранын спикерлери болуп АЭКБнын серепчилери, ошондой эле фонддук рыноктор, керектөөчүлөрдү жана инвесторлорду коргоо, каржы технологиялары, жашыл жана исламдык каржылоо, баалуу кагаздар рыногунун инструменттери, кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатындагы ата мекендик жана чет элдик адистер сөз сүйлөшөт.

Эл аралык инвесторлор жумалыгы жыл сайын Эл аралык баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиянын (IOSCO) колдоосу менен 6 континенттеги 80 мамлекеттин каржы көзөмөл органдары тарабынан өткөрүлөт.

«IOSCO - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу эл аралык уюм. IOSCO мүчөлөрү дүйнө жүзү боюнча 115 ашуун юрисдикциялардагы баалуу кагаздар рыногунун 95% ашыгын жөнгө салышат. Эл аралык инвесторлор жумалыгы AЭКБ каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн коргоо боюнча IOSCO стандарттарына берилгендигин көрсөтөт», - деп айтылат АЭКБнын басма сөз кызматынын маалыматында.

Эске салсак, эки жыл мурун Эл аралык инвесторлор жумалыгы оффлайн дарсттар форматында өтүп, ага Казакстандын 7 шаарынан 5 миңден ашуун адам катышкан.

 

Фото:24.kz