Караганды облусунда балык чарбачалыгынын дарамети артууда

Караганды облусунда балык чарбачалыгынын дарамети артууда

Караганды облусунда балык өнүмдөрүнүн өндүрүшүн көбөйтүү мерчемделүүдө. Бул максатта балык чарбачылыгын өнүктүрүүнүн аймактык программасы иштелип чыга турганын акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, аймактын көлмөлөрүндө карп, сазан, карась, чабак, окунь, тыран, язъ, көксерке, жаян жана чортон сыяктуу балык түрлөрү кезигет.

Жалпысынан аймакта беш суу бассейни бар: Нура-Сарысу, Балкаш-Алакөл, Есил, Ертис жана Табыл-Торгай. Жергиликтүү маанидеги 127 жана республикалык маанидеги үч балык суу сактагычы бар.

Балык чарбасынын жергиликтүү өнүмү чет өлкөлөрдө белгилүү. Аймактагы ири тоо-кен компанияларынын бири гана жарым жылдын ичинде 70 тоннага жакын өнүм экспорттогон. Ал эми Букар-Жырау районунда осётр балык фермасы иштейт. Анда туюк суу менен жабдыктоо ыкмасы колдонулат. Компания кара икраны өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле жогорку сапаттагы балык азыктарын кайра иштетүү жана сатуу менен алектенет. Караганды балык өстүрүү заводу бир гана региондун эмес, өлкөнүн башка аймактарынын муктаждыктарын канааттандырат. Ошондой эле балыктарды чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн материалдар менен камсыз кылат. Өткөрүү рыноктору болгон учурда ишкананын кубаттуулугу ар түрдүү балыктын 7,5 миллион чабак жана 300 миллион личинка өстүрүүгө жетет.

«Быйыл аймактагы суу чарба өнүмдөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн субсидиялар көбөйтүлдү. Каржылоо өсүүдө. Бул компанияларга жаңы жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында жыл сайын суу ойдуңдарына балыктандыруу жана аларды сертификаттоо жүргүзүлөт», - деп айтылат облус акимчилигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

2030-жылга чейин балык өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча төмөнкүдөй максаттар коюлган: балык уулоо жылына 1200 тоннага чейин жана андан көп, балыктын баалуу түрлөрүн өстүрүү - жылына 230 тоннадан кем болбоого тийиш.

Жалпысынан акыркы 5 жылда балык өндүрүү 5 эсе өстү. Мисалы, 2016-жылы 1800 тонна өндүрүлсө, быйыл бул көрсөткүч 10 миң тоннага жетти. Акыркы 8 айда гана кайырмакка түшүп, иштетилген балыктын көлөмү 26,3 миңден 31,3 миң тоннага чейин өскөн.

Белгилей кетсек, Казакстанда бул экономиканы өнүктүрүү концепциясына ылайык, жыл сайын балык уулоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү 600 миң тоннаны түзөт. Адистердин айтымында, жыл сайын анын жарымынан көбүн экспорттоого мүмкүнчүлүк бар.

 

Фото: kursiv.kz


×