АЭА менен индустриялык аймактарга инвестиция тартылууда

АЭА менен индустриялык аймактарга инвестиция тартылууда

Атайын экономикалык аймактар жана индустриялык зоналар инвестицияларды тартуунун негизги булагы болуп саналат.

Мисалы, «TURKISTAN» атайын экономикалык аймагына келе турган дараметтүү инвесторлорго жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү максатында, 2043-жылга чейин бажы алымдарынан, корпоративдик киреше салыгынан, жер салыгы, мүлк салыгы, кошумча нарк салыгынан бошотуу жана жерди акысыз берүү каралган.

Белгилей кетсек, мындан тышкары «TURKISTAN» АЭАда жалпы наркы 408 миллиард теңгени түзгөн 23 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Түркестан облусунун аймактык байланыш кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2,2 миллиард теңгени түзгөн 2 долбоор кол коюу жараянында болсо, 15 миллиард теңгелик долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле, Алматынын өнөр жай аймагында 10 жаңы ишкананы ишке кошуу мерчемделүүдө. Учурда бул жерде 60 компания иштеп жатат. Жалпысынан жакынкы беш жылдын ичинде ата мекендик жана чет элдик инвесторлор өндүрүштү өнүктүрүүгө 260 миллиард тенгеден ашык каражат жумшоону пландаштырууда. Бүгүнкү күндө аймактагы ишканалардын бири жогорку сапаттагы энергияны үнөмдөөчү ПВХ жана алюминий профилдүү конструкцияларын чыгарууну баштайт. Заводдун кубаттуулугу - жылына 475 миң чарчы метр айнек чыгарууга жетет. Ошондой эле энергияны үнөмдөгөн архитектуралык фасаддарды чыгаруучу завод иштейт. Заводду ишке киргизүүгө болжол менен 4 миллиард инвестиция салынды. Азырынча өнүм Казакстандын ири компанияларына сатылып жатат. Алдыдагы убакытта чекене соода жана Орусия менен Өзбекстандын базарларына чыгуу планы бар.

«Биздин компания Казакстандагы жападан жалгыз компания. Бардык компаниялар бир жерде жайгашкан. Өнүмдөр жогорку сапатта жана дүйнөлүк лидерлер менен атаандаша алат», - деди компаниянын мүдүрү Сергей Хрущёв.

Белгилей кетсек, быйыл индустриялык аймакта 24,1 миллиард теңгени түзгөн 14 долбоорду ишке киргизүү пландалууда. 2021-жылы жана келечекте дагы 6 долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Алардын жалпы наркы 40 миллиард теңгени түзөт.

 

Фото: camonitor.kz


×