Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы товар алмашуу 14 миллиард долларга жетти

Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы товар алмашуу 14 миллиард долларга жетти

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода жүгүртүү болжол менен 14 миллиард АКШ долларын түздү. Түз чет элдик инвестициялар быйылкы жылдын биринчи кварталында 1,72 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу «Казакстан Республикасы - Европа Биримдиги» Кызматташуу комитетинин видеоконференциясы учурунда белгилүү болгонун Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири ушул жылдын жалган куран айынын биринде күчүнө кирген Өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык келишиминин алкагында Казакстан менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогду, көп тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди чыңдоо маселеси болду.

Учурда Казакстанда Европанын капиталы менен 4 миңден ашуун компания жана 2 миңден ашуун биргелешкен ишкана катталган. Жалпы суммасы 641 миллион долларды түзгөн 17 долбоор, ошондой эле ЕБ инвесторлорунун катышуусунда жалпы суммасы 8,8 миллиард долларды түзгөн 37 инвестициялык долбоор бар.

Мындан сырткары, тараптар Казакстан менен ЕБдин ортосундагы соода, энергетика, экология, айыл чарба жана адам укуктары жаатындагы диалог аянтчасы боюнча буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле, тараптар ортосунда аба каттамын түзүү жана Казакстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү маселелери талкууланды.

 

Фото: baigenews.kz