2022-жылга чейин жаңы салык кодекси иштелип чыгат

2022-жылга чейин жаңы салык кодекси иштелип чыгат

Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Казакстанда салык тармагында толук текшерүү жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 2022-жылга чейин жаңы салык кодекси иштелип чыгат. Бул ишкерлер үчүн пайдалуу жана сарамжалдуу болушу керек. Бул тууралуу «Атамекен» УКП Башкармалыгынын төрагасы Абылай Мырзахметов Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, карантиндик чаралар киргизилгенден бери Өкмөт жана  «Атамекен» УКП ишкерлерди колдоо боюнча көптөгөн иш-чаралар колго алынды.

«Чакан жана орто бизнес ишкерлери кулжа айына чейин салыктан бошотулуп, эмгек акыга салык төлөөдө кыйынчылыкка учураган ишкерлер үчүн мөөнөт тогуздун айынын 1 чейин белгиленсе, эми президенттин тапшырмасы менен жыл аягына чейин узартылды. Мындан тышкары, мажбур түрдө эмгек өргүүгө чыккан ишкерлерге 42 500 теңге өлчөмүндө социалдык жөлөк пул төлөндү», - деди А.Мырзахметов.

Спикердин айтымында, банктардан насыя алган ишкерлердин 40% ашыгы насыяларды төлөөнү кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жеңилдик берүү мөөнөтү тогуздун айынын биринен жылдын аягына чейин узартылды.

«Келерки жылы көп иштерди жасоо керек: бизнес ыңгайлуу иштеши үчүн башынан баштап жөнгө салууну тууралаңыз.  Салык кодексин карап чыгып, оптималдаштыруу керек. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана агроөнөр жай комплексиндеги жаңы реформалар негизги пункт болуп саналат», - деди Мырзахметов.

Эске сала кетсек, Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Кайрылуусунда ата мекендик бизнести колдоо боюнча бир катар иш-чаралардын күңгөй-тескейин айткан. Биринчи кезекте, бул стимулдаштыруучу акча-насыя саясаты. Экинчи деңгээлдеги банктардын артыкчылыгын кичи жана орто бизнести насыялоого багыттоо милдети турат. Мамлекет экономикага катышуу үлүшүн кыскартат, бирок бирдиктүү сертификаттоо тутуму менен жөнгө салынган бардык сатып алуулар аянтчалары үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү тизмесин түзөт. Агробизнести реформалоо жер ресурстарынын, арзан жана узак мөөнөттүү насыялардын болушуна негизделген.

 

Фото: ortcom.kz